УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков Кыргызстандын аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) ассоциациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 17-апрелде ММА боюнча федерациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөн. Иш-чарага Улуттук кулатуу күрөшү федерациясынын, WEF GLOBAL MMA, GAMMA MMA жана IMMAF Кыргызстан уюмдарынын өкүлдөрү катышышкан.