
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 20 жаштагы
Абдыкахар кызы Мехринса дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаран 13-апрель күнү саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: Бою 165-167 сантиметр, сары жүздүү, кашы-көзү сары, орто дене түзүлүштө. Кийип жүргөн кийимдери: башында жоолук, үстүндө күрөң түстөгү көйнөк, астында боз түстөгү бут кийим болгон.
Көргөн, билгендер болсо 102ге же төмөнкү номурларга байланышса болот: 0773-61-17-17, 0558-66-15-15.