Биз социалдык тармакта

Таласта "Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплексинин курулушу кызуу жүрүүдө

Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айыл аймагында "Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплексинин курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу 17-апрелде Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкы планда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаңы үй-музейи, заманбап кинотеатр, китепкана жана мейманкана куруу каралган. Учурда бетон куюу жумуштары жүргүзүлүүдө.
Курулуш иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп, бюджеттен каржыланууда. Объекттин сметалык наркы 150 миллион сомду түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан