Марлен Маматалиев Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргыз-Түрк кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды мындан ары кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Төрага Марлен Маматалиев эки элдин ортосундагы бир туугандык жана достук мамиле жылдан-жылга бекемделип жатканын белгилеп, бул багытта эки өлкөнүн лидерлеринин салымы чоң экенин айтты. Ошондой эле ал парламенттер аралык диалогду комитеттер жана депутаттык достук топтор деңгээлинде активдүү улантуу зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү маселесин көтөрүп, кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга берилген квотаны көбөйтүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Нуман Куртулмуш кесиптешин кызматка шайланышы менен куттуктап, кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдирди. Ал акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы байланыштар активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстан белек кылган боз үй Түркия парламентинин короосуна тигилип, көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып жатканын айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү 5 миллиард АКШ долларына жеткирүү максатын белгилеп, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын да талкуулашты.
Жыйынтыгында тараптар боордош элдердин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды дагы да тереңдетүүгө макулдашты.