
Бишкек шаарында алдыдагы дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу 17-апрелде Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманкелер Турдакун Усубалиев атындагы аянтта, Исхак Раззаков жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакта, Эркиндик бульварында өткөрүлөт. Ага жергиликтүү өндүрүүчүлөр, дыйкандар жана кол өнөрчүлөр катышат.
Катышуучулар үчүн талаптар:
- Сунушталган продукция сапаттуу жана гигиеналык талаптарга жооп бериши керек;
- Баалар базар баасынан төмөн деңгээлде белгилениши зарыл;
- Райондук агрардык башкармалыктан тастыктоочу документтин болушу милдеттүү.
Белгилей кетсек ,өлкө аймагында азык-түлүк жарманкелери 2026-жылдын июнь айына чейин өткөрүлөт.