Агартуу министрлигинин жана "Окуу китеби" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү 1-класстар үчүн даярдалган "Алиппе" окуу китептерин кабыл алышты. Бул тууралуу 17-апрелде министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуу китептери "Учкун" ачык акционердик коомунун басмаканасында басылып, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн каралган.
Китептер жалпы 90 миң 380 нускада чыгарылган жана бардык аймактардагы билим берүү уюмдарына таратылат.