Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеште органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеште органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерине арналган жумушчу топтун жыйыны өттү. Ага депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана аймактардан келген дыйкандар катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын негизги максаты – органикалык айыл чарбасын системалуу өнүктүрүү, органикалык аймактарды түзүү жана тармактагы мыйзамдык, институционалдык тоскоолдуктарды жоюу болду.

Талкуу учурунда өлкөдөгү органикалык айыл чарбасынын учурдагы абалына талдоо жүргүзүлүп, негизги көйгөйлөр белгиленди. Ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Жыйын соңунда катышуучулар майда топторго бөлүнүп, коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча иштерди улантуу чечимин кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан