Кыргызстан менен Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдары курулуш объекттерин санариптик форматта көзөмөлдөө боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы көзөмөл инспекциясынын өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө курулуш объекттерин көзөмөлдөө, санариптик мониторинг системаларын киргизүү, онлайн байкоо борборлорунун иши жана инспекторлорду заманбап техникалык каражаттар менен камсыз кылуу маселелери каралды.
Айрыкча көзөмөл процесстерин этап-этабы менен санарип форматка өткөрүү жана тармактагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу боюнча тажрыйбаларга өзгөчө көңүл бурулду.