Биз социалдык тармакта

Аксыда 4 жаштагы бала сабалды деген маалымат текшерилүүдө

Интернет тармактарында 4 жаштагы бала чоң энеси тарабынан ур-токмокко кабылганы тууралуу тараган маалымат боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну, 2022-жылы туулган М.У. аттуу баланын денесинде көгөргөн тактар бар экени тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факт райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, ыкчам тергөө тобу жерине барган.

Текшерүү учурунда баланын ата-энеси – 1984-жылы туулган Б.Ч. жана 1987-жылы туулган О.Т. (экөө тең экинчи топтогу майыптыгы бар) эч кандай арыз-доосу жок экенин билдиришкен. Алардын айтымында, балага көгөргөн жаракатты 2020-жылы туулган агасы кокусунан келтирген.

Ошондой эле баланын чоң энеси сурак берип, неберелери менен акыркы жолу 7-апрелде жолукканын, ал учурда ата-энеси үйдө жок болгондуктан алар менен толук сүйлөшө албай кеткенин айткан.

Ал эми социалдык тармактарда “чоң энеси сабаган” деген маалыматты тараткан жаран бул билдирүүнү баланын көзү көгөргөнүн көрүп, өз божомолу катары жазганын моюнга алган.

Учурда бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек. Окуя боюнча ар тараптуу текшерүү иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан