16-апрель күнү УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери кармалды.
Маалыматка ылайык, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери - Т.Д., К.А. жана М.Р. жарандардан текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгобоо үчүн жалпы 220 миң сом талап кылышкан. Алар буга чейин 165 миң сом алып, калган 55 миң сомду алып жаткан учурда кармалган.
Кармоо Сокулук РИИБинин имаратында жүргүзүлгөн. Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.