Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушууда шаарды туруктуу өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана заманбап “жашыл” стандарттарды киргизүү маселелери негизги тема болду. Тараптар “Жашыл шаар” стратегиялык долбоорунун артыкчылыктарын, каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн жана аны этап-этабы менен ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.
Долбоор ишке ашкан учурда Ош шаарында коммуналдык инфраструктура жаңыланып, энергияны үнөмдөөчү жана экологияга зыянсыз технологиялар кеңири колдонулмакчы. Бул шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүгө шарт түзөт.
Ошондой эле демилге эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана жашыл экономика багытында инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет.