Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Жогорку Кеңеште өткөн чоңдордун билим берүү системасын өнүктүрүүгө арналган жыйында 2025-жылдагы жыйынтыктар тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, 17-апрель – Чоңдордун билим берүү күнү өлкөнүн календарына расмий киргизилип, бул чечим үзгүлтүксүз билим алуу маданиятын өнүктүрүүгө чоң түрткү болууда.
Камчыбек Досматов белгилегендей, эмгек рыногунун ыкчам өзгөрүшү, санариптешүү жана жасалма интеллект сыяктуу жаңы технологиялар жарандардын билимин жана көндүмдөрүн тынымсыз жаңыртып турууну талап кылууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылы 7 миңден ашуун жаран кесиптик окутууга жөнөтүлүп, алардын 65 пайызы алган адистиги боюнча жумушка орношкон.
Ошондой эле, жумушсуз жарандардын олуттуу бөлүгүнүн кесиптик билими жок экени белгиленип, бул багыттагы кайра даярдоо программаларынын мааниси баса белгиленди.
Мындан тышкары президенттин администрациясынын тапшырмасы менен 45 жаштан жогору жарандарды окутуу жана кайра даярдоо боюнча 2025–2026-жылдарга карата ведомстволор аралык план иштелип чыкканы маалымдалды.
Жыйынтыгында Досматов чоңдордун билим берүүсү адамдык капиталды өнүктүрүүнүн стратегиялык багыты экенин белгилеп, анын өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана социалдык туруктуулугуна түздөн-түз таасири бар экенин айтты.