Биз социалдык тармакта

Кыргызстан–Өзбекстан: Курулуш тармагындагы кызматташтык кеңейтилет

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бактыяр Станбеков баштаган делегация Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды.

Аталган министрликтен билдиришкендей, сапардын алкагында делегация Өзбекстандын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Тоир Алиматов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланып, меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгү каралды.

Ошондой эле тараптар мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, курулуш тармагын санариптештирүү, заманбап башкаруу ыкмаларын киргизүү жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары курулуш процесстеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, объекттерди натыйжалуу көзөмөлдөө жана санариптик чечимдерди кеңири колдонуу аркылуу тармактын натыйжалуулугун арттыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн курулуш тармагындагы кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөнү улантарын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан