Биз социалдык тармакта

Чүйдө унаа токтотуучу жай талашынан улам жаранды сабоого шектелген үч өспүрүм кармалды

Чүйдө адам сабоого шектелген үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалым болгондой, 16-апрелде Аламүдүн районунун Ленин айылында жол коопсуздугун көзөмөлдөп жаткан кызматкерлерге KIA K7 унаасынын айдоочусу кайрылып, 2003-жылы туулган М.М. аттуу жаран белгисиз адамдар тарабынан сабалганын билдирген. Жабырлануучу жол тескөөчүлөрдүн жардамы менен дароо ооруканага жеткирилди.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2008, 2007 жана 2009-жылы туулган үч өспүрүм кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, окуя унаа токтотуучу жайдагы жаңжалдан улам келип чыккан. Шектүүлөр жабырлануучуну таяк менен сабап, ал эс-учун жоготкондон кийин окуя болгон жерден качып кетишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан