Биз социалдык тармакта

Бишкекте кайгуул кызматкерлерине кол салгандарга чара көрүлдү

Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине кол салгандарга чара көрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Интернет желесинде дүкөндөрдүн биринин алдында жол тескөөчүлөр менен үч жаран пикир келишпестикке барып, андан ары мушташка чейин жеткен окуянын видеосу тарады.

Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга катышкан бардык жарандар аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Октябрь райондук милициясы 2003-жылы туулган Б.К., 2002-жылы туулган А.А. жана 1999-жылы туулган А.Н. кармады.

Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлүп, райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан