Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ал расмий сапарынын максаты тууралуу учкай кеп кылды.
“Эки тараптуу алакаларды арттырууга багытталган маанилүү жолугушууларды өткөрдүк. Баарлашууда Германиядагы мекендештердин жашоо шартын жакшыртуу жана аларды керектүү кесиптерге окутуу менен ишке орноштуруу, ошондой эле визалык жол-жоболорду жеңилдетүү маселелерин көтөрүп, аталган багытта алгылыктуу иштерди жүргүзүү боюнча макулдаштык", - деп белгилеген төрага.