ЦУМдун капталына темир курулуш башталып, кабаты ортолоп калганда мэр Айбек Жунушалиев буздурган жер эсиңиздеби? Дал ошол жер эми кайра көрктөндүрүлүп, оргумалар курулуп, эсте калган аттар кайра келет. Бул тууралуу бизнесмен Анвар Маметов белгилүү блогер Адилет Ногойбаевге берген маегинде билдирди.
Маекте ал Бишкектин борборундагы ири өзгөрүүлөр жана шаардын көрүнүшүн жакшыртуу пландары тууралуу айтып, ЦУМ аймагындагы белгилүү фонтандарды кайра калыбына келтирүү ниетин билдирди. Бизнесмендин айтымында, ал жерге мурдагыдай көрүнүштү кайтаруу үчүн чоң дарактарды отургузуу пландалууда.
Эскерте кетсек, ал жер көп жылдык мажүрүм талы менен белгилүү болгон.