Биз социалдык тармакта

Ошто жаңы сквер көрктөндүрүлдү

Бүгүн, 18-апрелде Ош шаарында дагы бир жаңы сквер салынып, рябина, штамп роза, можжевельник жана дуб көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артём Новиков жана шаар тургундары катышты.
"Жаңы сквер шаарда акыркы убакта ишке ашып жаткан жашыл инфраструктураны кеңейтүү долбоорлорунун уландысы болуп саналат. Отургузулган көчөттөрдүн түрлөрү шаардык климатка ылайык тандалып алынган. Адистер алардын өсүп-өнүгүүсүн көзөмөлдөп, сугаруу жана кароо иштерин туруктуу негизде жүргүзөт. Мындай демилгелердин алкагында шаарда жакын арада дагы бир нече жаңы скверди түзүү жана учурдагы жашыл аймактарды реконструкциялоо каралууда", - деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан