Кочкор районунун Конорчок аймагында күн электр станциясы курулуп, 2027-жылы электр энергиясын өндүрө баштайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болгонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашырылып, инвестор ачык конкурс аркылуу тандалган. Учурда "China Power" компаниясы сунуштаган тариф 1 киловатт саатына 4,1 цент деңгээлинде бекитилди. Курулуш иштери 2026-жылы башталат.
Ибраев белгилегендей, бул долбоор өлкөнүн энергетика тармагына жаңы стандарттарды киргизип, инвестицияларды ачык жана атаандаштык механизмдер аркылуу тартуунун үлгүсү болот. Ал калк үчүн жеткиликтүү жана туруктуу тарифти камсыздоо негизги артыкчылык бойдон каларын баса белгиледи.
Ал эми Дүйнөлүк банктын өкүлү Жон Гандольфо Кыргызстандагы энергетика тармагындагы реформаларды жогору баалап, бул багыттагы демилгелерди мындан ары да колдоону улантарын айтты.
Жолугушууда "KG Solar" долбоорунун экинчи этабы да талкууланып, анын алкагында Талас жана Баткен облустарында жаңы күн электр станцияларын куруу пландалууда.
Белгиленгендей, Дүйнөлүк банк буга чейин да Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен биргеликте бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого салым кошкон.