Биз социалдык тармакта

Манастын жаңы мэри мурунку бийликтин айрым иштерине “аллергия” болуп жатканын билдирди

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов шаардык кеңештин 13-апрелдеги жыйынында мурунку бийликтин айрым иштерине “аллергия” болуп жатканын билдирди.

Ал Жалал-Абад курортуна кетчү жол жээгиндеги гүл челек орнотулган тосмолор боюнча сөз кылып, темир тосмолорду орнотуу "кемчонтойдун иши болгон” деп сыпаттады.

Бул арада шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева калаа башчыны мурунку шаар бийлигинин жумушундагы кемчиликтерин кайталап жатып президенттин берген тапшырмаларына шек келтирип жатканын айтып, буга чейин жасалып жаткан иштерди улантып кетүү сунушун берди.

Эскерте кетсек, буга чейин калаа башчысы Маткаликов жыйындардын биринде отчёту жок келип, Манас шаарын Ооганстанга теңеген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан