Биз социалдык тармакта

"Ийгиликсиз төңкөрүштөн кийин..." Текебаев парламенттин төрагасы жөнүндө учкай кеп кылды

Бүгүн, 19-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси, саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирүү калтырып, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана анын иш сапары тууралуу кеп козгоду.
Текебаев парламенттин спикерлигине барганда Маматалиевдей 45 жашында болгондугун белгилеп, бирок саясий кырдаал башка болгонун билдирди.
"Курагыбыз бир болгон менен, биз эки башка тарыхый доордо, эки башка саясий кырдаалда шайландык. Мен "ийгиликтүү мамлекеттик төңкөрүштөн" кийин шайлансам, Марлен "ийгиликсиз мамлекеттик төңкөрүштөн" кийин шайланды. Заманыбыз ар башка. Шарттар ар башка. Бирок миссия — бир. 2005-жылы да, 2026-жылы да төраганын негизги милдети бирдей эле: биринчи — саясий туруктуулукту камсыз кылуу, экинчи — мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө, үчүнчү — социалдык-экономикалык өнүгүүгө жол ачуу", - деп билдирди элчи мырза.
Ошондой эле ал Марлен Маматалиевдин Германиядагы расмий сапарынын кыскача хроникасын жарыялады.
1. Германиянын Бундестагынын президенти Юлия Клёкнер менен жолугушуу. Жолугушууда саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, бир катар келишимдерди ратификациялоо, эмгек миграциясын колдоо жана визалык жол-жоболорду жеңилдетүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Юлия Клёкнерди Бишкекке расмий сапар менен келүүгө чакырды.
2. Бранденбург ландтагынын президенти Ульрике Лидтке менен жолугушуу. Тараптар парламенттер аралык туруктуу байланыштарды түзүү, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана миграция тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле университеттер аралык байланыштарга, илимий долбоорлорго жана кош дипломдук программаларга өзгөчө көңүл бурулду.
3. Саксониянын Германиядагы туруктуу өкүлү Маркус Франке менен жолугушуу. Жолугушууда Саксония менен билим берүү, кадр даярдоо, инвестиция жана туризм багытындагы кызматташтык маселелери каралды. Кыргыз тарап мектеп окуучуларын окутуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, жумушчу орундарга квота бөлүү жана магистратура программалары боюнча бир катар демилгелерди сунуштады.
4. Германиядагы мекендештер менен жолугушуу. Жолугушууда виза маселелери, жумушка орношуу, социалдык ыңгайлашуу жана улуттук маданий баалуулуктарды сактоо маселелери көтөрүлдү. Мекендештердин өтүнүчү менен төрага 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата кыргыз боз үйүн белек кылууну убада берди.
"Расмий сапар кыргыз-герман алакаларын парламенттик, аймактык, билим берүү, экономикалык жана гуманитардык багыттар боюнча бекемдөөгө, ошондой эле Германиядагы мекендештерди колдоого багытталды", - деп жыйынтыктады өз сөзүн Текебаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан