Биз социалдык тармакта

"Байып кетесиң..." Бишкекте алдамчылыкка шектелген кезектеги аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалым болгондой, 15-апрелде милицияга жарандардын тобу жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, О.Н. аттуу жаранга карата тиешелүү чара көрүүнү өтүнүшкөн. Ал дары-дармек саткан компаниянын шылтоосу менен иш жүргүзүп, жарандардын ишенимине кирүү аркылуу алардын акча каражаттарын алдап алган. Бирок кардарлар сатып алган товар жеткирилген эмес жана акча каражаттары кайтарылган эмес.

Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарына 80ден ашуун жаран кайрылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы болжол менен 3 000 000 сомду түзөт.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 1960-жылы туулган О.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Жабыркагандар болсо 0503 777 666, 0501 491 940, 0705 949 646 номурларына байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан