Биз социалдык тармакта

Эрлан Шеров Азия чемпондугунда 5-орун болуп калды

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Азия чемпиондугунда бешинчи орунду ээледи. Турнир Кытайда өтүүдө.

Шеров коло медаль үчүн кармашта казакстандык атаандашына утулуп, беттеш 1:0 эсеби менен аяктады.

Ал 90 килограмм салмак ченинде күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштаган. Алгач Макао жана Тажикстандан келген спортчуларды жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн болгон кармашта кытайлык спортчуга жеңилип калган.

Кечээ, 18-апрелде ошондой эле кыргызстандык спортчулар Эржан Канатбеков, Даут Полтушев жана Эмирхан Жолдошказиев да катышкан, бирок алар медаль үчүн күрөштөн четтеп калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан