Биз социалдык тармакта

Кыргыз ММА мушкери Рустамбек Нуржанов Кытайда чемпион болду

Кыргызстандык мушкер Рустамбек Нуржанов Кытайда өткөн ММА боюнча эл аралык мелдеште чемпиондук наамды жеңип алды.

Ал кечээ, 18-апрелде Люйлян шаарында октагонго чыгып, кытайлык атаандашы Бидуола Ергали менен беттешти.

Жеңил салмак ченинде өткөн бул кармашта Нуржанов ишенимдүү жеңишке жетип, уюмдун чемпиону аталды. Ошентип, “Жапайы” каймана аты менен белгилүү кыргызстандык мушкер эл аралык аренада дагы бир маанилүү ийгилик жаратты.

Белгилей кетсек, Нуржанов буга чейин аталган уюмда бир нече беттеш өткөрүп, акыркы кармаштарында кытайлык Чжаосюй Ян жана тажикстандык Сирожиддин Сарабескинин үстүнөн жеңишке жеткен.

Эскерте кетсек, бул мелдешке кыргызстандык дагы бир спортчу Бактыгүл Курманбекова да катышып, кытайлык мушкерди жеңди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан