
"Манас" театры таланттуу жаш манасчыларды аныктоо жана колдоо максатында республикалык кароо-сынак өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Маданият министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, анын максаты – улуу "Манас" эпосу аркылуу улуттук баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле жаш муундун чыгармачылык потенциалын ачуу жана өнүктүрүү болуп саналат.
"Сынакка республиканын бардык аймактарынан буга чейинки тандоо баскычтарынан ийгиликтүү өткөн жаш манасчылар катышат. Финалдык турда алар өз өнөрлөрүн тартуулап, мыктылар аныкталат. Иш-чара 24-апрелде саат 09:00дө Бишкектеги Самойленко көчөсү, 2/9 дарегинде орун алат", - деп белгиленген маалыматта.