Равшан Жээнбеков: "Кыргызстандын мектептери электрондук китептер менен окуусу керек"

Бүгүн, 17-декабрда Кыргызстандын мектептерине электрондук китептерди киргизүү сунушун депутат Равшан Жээнбеков ЖКнын каржы жана бюджет комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан жаңы технологияны колдонуу боюнча артта калууда. 2000-жылдан бери мектеп китептери үчүн 2,5 миллиард сом сарпталган. Ал эми Индияда бир электрондук китептин баасы 30$  турат. "Бул электрондук китепке ар кандай форматтагы китептерди жүктөп, кичи китепкана да ачса болот" деди Равшан Жээнбеков. Ошондой эле эл өкүлү кагаз китептерди алып-сатууда коррупциялык иштер пайда болуп жатканын айтты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан