
Кечээ, 19-апрелде Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Футбол Конфедерациясынын чакырык лигасынын чейрек финалы орун алды. Анда ата мекендик "Мурас Юнайтед" клубу Ливандын "Аль-Ансар" клубун 3:0 эсебинде утту.
Маалым болгондой, мелдештин жарым финалында "Мурас Юнайтед" клубу "Кувейт" клубу менен кез келет. Беттеш 22-апрелде аталган стадиондо орун алат.
Белгилесек, жалпысынан АФК чакырык лигасынын тайпалык баскычына 20 клуб катышып, алар батыш жана чыгыш аймактарына бөлүнгөн. Батыш аймагынан үч тайпанын жеңүүчүлөрү жана мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы команда кийинки плей-офф баскычына чыккан.