Биз социалдык тармакта

Бишкекте мас абалында унаа башкарган жаран жол тескөөчүсүн сүзүп кетти

Кечээ, 19-апрелде Бишкекте мас абалында унаа башкарып бара жатып жол тескөөчүнү сүзгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу инспектордун мыйзамдуу талабына баш ийбей, аны сүзүп кеткен. Натыйжада инспектор бутун сындырып алган. Ага биринчи жардам жеринде көрсөтүлдү.

Ал эми айдоочу Милициянын кайгуул кызматынынын түнкү нөөмөттөгү кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөөгө жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан