*Мындан 226 жыл мурда
Сидней шаары негизделген. Ал Австралиядагы
европалыктар отурукташкан биринчи шаар. Учурда Сиднейде 5 миллионго жакын адам
жашайт.
*1921-жылдын 26-январында япониялык жеке ишкер Акио Морита жарык дүйнөгө
келген. Ал бош убактысынын көпчүлүк бөлүгүн электрониканы окуп үйрөнүүгө
жумшачу. Кийин атактуу “Sony” компаниясын негиздеген.
*Мындан 103 жыл мурун, тактап айтканда, 1911-жылдын 26-январында Глен Кёртис
башкарган гидроплан биринчи жолу асманга көтөрүлгөн. Ал кургакта да, суу да
жүрө алчу. Муну байкаган АКШ, Орусия, Япония, Германия сыяктуу ири өлкөлөр
дароо сатып алышкан.
*2001-жылдын бул күнү Индиянын Гужарат штатында күчү 7,9 баллга жеткен
зилзала болгон. Анын кесепетинен 20 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган.