Биз социалдык тармакта

Манас шаарында мыйзамсыз тамеки продукциясы аныкталды

Манас шаарындагы “Береке” базарынан мыйзамсыз тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы 20-апрелде маалымдады.

Ага ылайык, базардын унаа токтотуучу жайынан жалпы суммасы болжол менен 133 миң сомду түзгөн 1110 даана тамеки кутусу алынды. Продукцияда акциздик маркалар жана тиешелүү коштомо документтер болгон эмес.

Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан