
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Эмгек министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, алардын сегизи согуштун түз катышуучулары:
- Бишкекте - 4;
- Чүй облусунун Жайыл районунда - 2;
- Нарын облусунун Ат-Башы районунда - 1;
- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 1.
"Өлкөдө концлагерлердин жашы жете элек 6 мурдагы туткуну жашайт. Алардын төртөө Бишкек шаарында, бири Жайыл районунда, дагы бири Жалал-Абад шаарында. Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар. Алардын 8и Бишкекте, бири Сокулук районунда, бири Балыкчы шаарында жашайт",- деп белгиленген маалыматта.