Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын ИДПсы 10,1 пайыз өстү

Өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) январь-март айларына карата 10,1 пайызга өсүп, 428,6 миллиард сомду түздү. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырылган.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, бүгүн, 20-апрелде Ынтымак Ордодо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү. Анда 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматтар берилген.

Экономиканын негизги секторлору боюнча өсүштөр болгон. Мисалы, курулуш тармагында 29,6 пайыз, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 7,7 пайыз, айыл чарбасында 2,8 пайыз, өнөр жайда 14,0 пайыз өсүш бар экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан