
Анталья дипломатиялык форумунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри
Жээнбек Кулубаев менен азербайжандык кесиптеши
Жейхун Байрамов жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана алдыда боло турган жолугушуулар менен сапарларды талкуулашты.
Ошондой эле көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө умтулуу сүйлөшүлдү.