
Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган суу сактагычта рейд жүргүзүлүп, анын алкагында балык уулоочу торлорду сууга жайып жаткан учурда 7 жаран кармалган. Мыйзамсыз балык кармагандардын ар бирине 5500 сомдон айып пул салынган.
Ошондой эле рейд учурунда сууга жайылган 560 метрге жакын тор жыйналган. Министрлик рейддер туруктуу негизде уланарын эскертти.