Биз социалдык тармакта

Тармактык комитет Улан Маматкановдун талапкерлигин жактырды 

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 20-апрелдеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна Улан Маматкановдун талапкерлигин карап, жактырды.

Депутаттарга талапкерди президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Жыйында эл өкүлдөрү Маматкановдун талапкерлигин колдоду.

Ал өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп 15-апрелде дайындалган.

Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Эдил Байсалов аркалаган.








РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан