Бишкекте баңгизат таратууга шектелип 18 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга калаада баңгизаттарды жашыруун жайларга катуу менен сатып келген жаран тууралуу маалымат түшкөн. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүдөн жашыл жана көк түстөгү пленкага оролгон баңгизаттар табылган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.