
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтө турган Дүйнө кубогунда күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 20-26-апрелде өтүп, ага дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн 400гө жакын мушкери катышат.
Эл аралык турнирге беш спортчу аттанды:
- Анвар Ходжиев (50 килограммга чейин),
- Зафарбек Камилов (55 килограммга чейин),
- Мунарбек Сейитбек уулу (60 килограммга чейин),
- Омар Ливаза (65 килограммга чейин)
- Ихтияр Нишонов (70 килограммга чейин).
Курама команданын даярдыгы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жетектеген машыктыруучулар штабы тарабынан жүргүзүлүүдө.