Бүгүн, 20-апрелден баштап 30-апрелге чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайы жабылат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол-Түндүк" ишканасы билдирди.
Маалым болгондой, бул иш аракеттер таш кулатуу иштерине байланыштуу. Ар 15-20 мүнөт сайын иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.
Ишкана айдоочуларды абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.