Биз социалдык тармакта

Азимбек Бекназаров: "Кемпир-Абад кетти, аны кайрый албайбыз"

Социалдык тармактарда Кемпир-Абад иши боюнча акталган саясатчы жана активисттер өткөргөн иш-чарада (түлөөдө) тартылган видео тарап жатат. Түлөө 18-апрель күнү Бишкектеги тойканалардын биринде болгон.

Анда сөз сүйлөгөн Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад маселесине токтолгон.

"Кемпир-Абад кетти, аны кайрый албайбыз. Ал тарых. Кемпир-абадчылар дагы тарых. Эми Кемпир-Абадды илимпоздор, тарыхчылар "кандайча кетип калган" деп изилдесин",- деди ал.

Айта кетсек, 27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды актаган өкүм чыгарган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан