Бүгүн, 20-апрелде президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет башчысы инвестицияларды тартууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүүгө шарт түзүп, “жашыл экономикага” өтүү боюнча мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналарын белгиледи.
“Учурда жалпы республика боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат. Быйылкы жылдын иш-планында алардын 13үн куруп, ишке киргизүү мерчемделген. Бул аймактардагы электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтөт”,- деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Президент долбоор Улуттук инвестициялар агенттигинин көмөгү аркылуу “Сокулук ГЭС-3” ЖЧКсы менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылганын билдирди.
“Келишимдин алкагында эки чакан гидроэлектр станциядан турган каскад курулду. Биринчиси - Сокулук дарыясында кубаттуулугу 9,7 мегаватт, экинчиси - анын куймасы Туюкта 5,9 мегаватт. Эки ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 15,6 мегаватты түзөт. Өндүрүлгөн электр энергиясы толугу менен улуттук энергетикалык системасына берилет. Бул долбоор электр энергиясынын тартыштыгын азайтып, энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана экономиканы өнүктүрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, - деди президент.
Бардык объекттер ата мекендик инвестордун каражатына курулду. Жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 1,7 миллирард сомду түзөт.
Президент ГЭСтин ишмердүүлүгү менен таанышып, машина залын, башкаруу пультун жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдү көрүп чыкты. Иш-чаранын соңунда мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашып, гидроэлектр станциялар активдүү курулуп жатканына карабастан, айрыкча кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы сакталып жатканына токтолду.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 48 чакан ГЭС иштейт, алардын жалпы кубаттуулугу 180 мегаватты түзөт.