Бүгүн, 20-апрелде Манас шаарында грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону аталган Асан Жанышовду салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, аймактын бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышкан. Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү бийлик тарабынан спортчуга 200 миң сом, ал эми анын машыктыруучусуна 60 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктын сертификаттары тапшырылган.
"Бул жеңиш Манас шаары үчүн тарыхый жетишкендик болуп саналат. Анткени буга чейин Раатбек Санатбаев 1999-2000-жылдары 85 килограмм салмакта эки жолу Азия чемпиону болгон. Андан бери 26 жыл өткөн соң Асан Жанышов бул ийгиликти кайрадан кайтарып, алтын медалды мекенине алып келди",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 6-12-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпиондугу өткөн. Анда спортчу мыкты жыйынтык көрсөтүп, Азия чемпиону аталган.