Бишкек шаарында 18-апрель күнү милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузууга шектелген жарандарды кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Сухэ-Батор көчөсүндөгү эс алуучу жайлардын биринде болгон. Анда белгисиз жарандар милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, коомдук тартипти одоно бузушкан. Мындан тышкары, алар кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, кызматтык автоунаага зыян келтиришкен.
Бул факт боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында 1995-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, ага бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү менен коштолгон бейбаштык боюнча айып тагылды.
Ошондой эле 1995-жылы туулган Н.А. аттуу жаран "Майда бейбаштык" беренеси менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.