Муфтияттын маалыматына ылайык, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат.
Мекеме ар бир зыяратчы үчүн Сауд Арабиясына кирүүдө тартипти сактоо маанилүү экенин эскертти.
"Зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири – Nusuk картасы (бейжик). Бул картасыз Меккеге жана ыйык жерлерге кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле ал негизги кызматтарга жетүүнү камсыз кылат",- деп айтылат анда.
Карта ажылыкты уюштуруу штабы (ажы башчысы) тарабынан берилет. Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү.