Интернет желесине Бишкекте жакында эле колдонууга берилген Бакаев көчөсүнүн уландысындагы тротуар боюнча видео тарап жатат. Анда шаар тургуну жөө адамдар өтүүчү жер кууш болуп калганын билдирген.
Бишкек шаарынын тарыхында алгачкы жолу темир жол алдынан ири жол курулуп жатканын белгилеген вице-мэр Рамиз Алиев, мындай маанилүү долбоор бир тараптуу тартылган видео аркылуу туура эмес бааланып жатканын айтты.
"Бул видео жалаң гана жамандыкты жазгандарга, негатив издеген хейтерлерге арналат. Биринчи ирет темир жол алдынан жол салып, Бакаев көчөсүн ачтык. Баарына бул жакшы жаңылык менен бөлүштүк. Бирок бир шаар тургуну келип, тротуарды ченеп, туура эмес маалымат берип жатат. Тротуар катары көрсөтүлгөн аймак жөө жүргүнчүлөр үчүн эмес, кызматкерлер техникалык иштерди жүргүзүү үчүн гана каралган. Бул тууралуу атайын белгилер да коюлган. Анын маңдайында талаптагыдай жөө адамдар, велосипедчендер өтүүчү тротуар курулган. Ошол жактан өтсө болмок. Тарыхта биринчи ирет темир жол алдынан жол салсак, аны бир видео менен жаман көрсөттү. Башкача айтканда, оокаттын баарын өлтүрдү",- деди вице-мэр.