Кечээ, 20-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында кезексиз жыйын өткөрүлдү.
Борбор калаа милициясы кабарлагандай, анда милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам бузууларга, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууга, коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керектиги баса белгиленген. Ошондой эле ар бир кызматкер мыйзам талаптарын, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы так сактоо керек деген милдеттенме коюлган.
Мындан тышкары, кеңешмеде ар бир фактыга принципиалдуу баа берилип, жыйынтыгында 14 жетекчиге карата катуу сөгүш берилген жана алардын ичинен 2 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулган.