Кара-Сууда дарыяга унаасы менен түшүп кетип каза болгон төрт жарандын үчөөсү Ынтымак айыл аймагындагы айыл башчылары болгон. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдады.
Маалым болгондой, алар Кызыл-Суу айылына куран окутууга бара жатып менчик унаасы менен Куршаб дарыясына түшүп кетишкен.
Каза болгондор Ак-Терек айылынын 68 жаштагы, Жаңы-Арык айылынын 64 жаштагы, Таш-Арык айылынын 50 жаштагы айыл башчылары, ал эми төртүнчүсү 49 жаштагы Аскер комиссариатынын кызматкери болгон.