ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы жана оперкызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар пара талап кылууга жана опузалоого шектелип колго түшүшкөн. Тагыраагы, шектүүлөр Орусия жаранынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча иште жазаны жеңилдетүү үчүн 9 миллион рубль (100 миң доллар) талап кылышкан.
"Алар жашыруун ишинде далилдерди калтырбаш үчүн пара алуунун аралыктан ишке ашырылган схемасын иштеп чыгышкан. Кармалган жарандын үй-бүлөсү мүлкүн сатып тапкан акча каражаттарын Орусиядан бөлүп-бөлүп, атайын коюлган адамдардын атына катталган банктык карталарга которуп турган.
Андан кийин акча каражаттарын накталайга айландыруу жана Кыргызстан аймагында мыйзамдаштыруу үчүн үчүнчү жактар тартылган",- деп айтылат маалыматта.