
Ош облусундагы Мады айылында жайгашкан бильярд клубун өрттөөгө шектелип эки кыз кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, кыздар жеке таарынычтардан улам бул ишке барышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Натыйжада окуяга шектүү катары 2006-жылы туулган Н. кызы А., жана 2007-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, райондук сот тарабынан камакка алынышты.
Учурда тергөө амалдары уланууда.