Барскоон - Бедел унаа жолуна 2 тоннель, 50дөн ашык көпүрө куруларын 21-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул тапта изилдөөлөр толук аяктады. Мындан тышкары, бетон заводдорунун, вахталык шаарчалардын жана башка убактылуу курулмалардын курулуш иштери аткарылууда.
Долбоордо 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель, ошондой эле коргоочу жана кошумча инженердик курулмаларды куруу каралган.
Биринчи тоннель (Сөөк ашуусу) – жалпы узундугу 5 340 метр, экинчи тоннель (Ашуу-Суу) – жалпы узундугу 3 788 метр. Курулуш иштери 2025-жылдын 26-августунда башталган. Бүтүрүү мөөнөтү болжол менен 5 жылды түзөт.