Биз социалдык тармакта

Кудрет Тайчабаров үй камагына чыгарылды

Бүгүн, 21-апрелде журналист Кудрет Тайчабаров абактан бошотулуп, 26-июнга чейин үй камагына алынды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Маалым болгондой, мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарган.

Айта кетсек, Тайчабаров өткөн жылдын ноябрында уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы болгон деп кармалган. Ал кармалганга чейин Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн БШКга арыз жазган. Кийинчерээк социалдык тармактарда анын маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Мындан улам БШК Тайчабаровду талапкер катары каттоодон баш тарткан.

Тайчабаров БШКнын чечимине макул эместигин билдирип, бийликти сынга алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан